Депутат Өмүрбек Бакиров ага жаңы иш бөлмөсү берилгени тууралуу маалыматты төгүндөдү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзүнө жаңы иш бөлмөсү берилгени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Депутат «ПолитКлиника» медиасына билдиргендей, бүгүн, 29-ноябрда анын иш бөлмөсүнөн чыгарылганына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өткөн. Жыйында депутат Талант Мамытов алтынчы кабаттан 637-бөлмөнү берүүнү сунуштаганын гана айтканын билдирди.

«Мен азыр Башкы прокуратурага арыз жаздым. Ал жерден тергөө тобу келип, териштирүү иштерин жүргүзмөйүнчө тигил же бул кабинетке киргенге болбойт. Тергөө тобунун иштерине тоскоолдук жаратып коебуз. Азырынча эч кандай кыймыл жок, ошол боюнча турат», — деди Бакиров.

Ошондой эле ал депутаттык комиссиянын жыйынында анын иш бөлмөсүнө кирип, тинтүү жүргүзгөн кызматкерлердин жоопкерчилиги каралганын кошумчалады.

Депутат Өмүрбек Бакиров 18-ноябрда, Жогорку Кеңеште УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан күндүн эртеси 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Бул иш боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты