Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча маселени карап жатат

  • 4 месяца мурун

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча маселесин карап жатат.

Бул маселе боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Алишер Эрбаев маалымат берүүдө. Депутат Эрбаев Эмил Жамгырчиевдин Өзбекстанга мыйзамсыз баргандыгы тууралуу айтты.

Эки жума мурун Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов, Эльдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирген. Кийин Султанбай Айжигитов комиссия курамынан чыгып, анын ордуна Винера Райымбачаева кирген.

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат бергендиги маалымдалган.

Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун парламентке башкы прокурор Курманкул Зулушев келтирген. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын айтымында, депутатка кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиев “чек араны мыйзамсыз өттү” дегенге макул эместигин, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө зарылчылык болбогонун айтты.  

УКМК тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө келгенде Жамгырчиев фракциялашынын кабинетине кирип, 2-кабаттагы терезеден секирип түшкөнү айтылды.

Сүрөт: Эмил Жамгырчиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты