Жогорку Кеңеш Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 25-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору жана Акыйкатчы ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Бакытбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова мыйзам долбооруна байланыштуу эл өкүлдөрүнөн 60тан ашык сунуш келип түшкөнүн билдирди.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев, Гуля Кожокулова, Чыңгыз Айдарбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушуна каршылыгын билдирди. Депутат Исхак Масалиев аталган борборду жоюунун максатын сурады. Өз кезегинде демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду Акыйкатчы институтуна кошуу менен ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралганын белгиледи. Ал эми депутат Надира Нарматова Акыйкатчынын тергөө жүргүзүү, иш козгоо сыяктуу кошумча ыйгарым укуктарды алышы менен макул эместигин айтты.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты