Майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүгө шарт түзгөн мыйзамга кол коюлду
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты болуп майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт болуп түзүү саналат.
Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– кадрлар резервине, анын ичинде майыптыгы бар, ушул мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү жарандар жеке арыздын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте кирет;
– мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү жарандардын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү;
– кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




