Бекешев: “Кыйноолордун алдын алуу борбору жоюлуп жатат. Ошондуктан Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорун колдой албайм”

  • 1 год мурун

Бүгүн, 25-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогонун, бирок экинчи, үчүнчү окууда колдобой тургандыгын билдирип, анын себебине токтолду:        

-Урматтуу депутаттар, биринчи окууда бул мыйзам долбоорун колдодум. Бирок 2-3-окуууда бул мыйзам долбоорун колдой албайм, себеби Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп жатат. Андай концепцияда болгон эмес. Бир топ депутаттар, мен өзүм да, 5-чакырылышта, 2013-жылы ушул улуттук борборду түзгөнбүз, мыйзамды чыгарып. Ушул борбор иштеген 12 жыл ичинде актуалдуулугун көрсөттү. Канча кыйноолор болуп, алар түрмөгө, психатриялык клиникаларга кирип, канча жардам беришкен. Ошолор боюнча алар канча жолу отчет менен Жогорку Кеңешке келип, мамлекеттик кызматкерлер боюнча канчалаган ойлор айтылган. Тилеккке каршы, Жогорку Кеңеш ошол кишилерди жоопко тарткан жок. Ошол органды биз азыр жоюп жатабыз, бирок кыйноолор дагы эле болуп жатпайбы. Бул актуалдуу маселе, ошон үчүн мен бул мыйзам долбоорун колдой албайм,-деди депутат Дастан Бекешев.   

Сүрөт: kenesh.kg       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты