Депутат Кожокулова: «Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясы 2-3-окууда такыр башка болуп калган»

  • 12 месяцев мурун

Депутат Гуля Кожокулова Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан айырмаланып, экинчи, үчүнчү окууда таптакыр башкар концепцияда болуп калганын билдирди.  

-Марлен мырза, кичине актанууга аракет кылды, эмне үчүн дегенде Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорунун мурдагы биринчи окуудагы варианты менен азыркы биз карап жаткан 2-3-окуудагы долбоордун абдан чоң айырмасы бар. Редакциялык планда алар эки башка долбоор.  Ал жакта көп адашуулар бар, киргизилген кээ бир толуктоолор ооба, киргизилген, бирок редакциялык планда алганда, Акыйкатчы тууралуу мыйзам долбоорунун өзү алмаштырылып коюлган. Эгер мыйзам долбоорун алсак, алардын концепциясы бузулган. Урматтуу төрага, урматтуу кесиптештер! Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушу тууралуу 26-берене көшөгөгө алынган, анын кандай экенин атай албай турам, бирок бул бизди адаштыруу. Акыйкатчы деген бул жарандарыбыздын укугун, эркиндигин коргоо, ал эми Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун мандаты таптакыр башка, ал 24/7 мониторинг кылуу, алардын мандаты кууш, эркиндигинен ажыратылгандар кармалган мекемеде жаткандарды карайт. Биз эл арлык уюмдарга мүчөбүз, биздин милдеттенмебиз бар. Эч кандай аргументи жок эле, бир берене менен жок кылып коебуз. Акыйкатчы алардай жабык мекемелерди карап турбайт, -деди Гуля Кожокулова.  

Депутат Исхак Масалиев да Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун жоюлушу негизсиз экенин жана муну карап чыгуу керектигин кошумчалады.   

Депутат Чыңгыз Айдарбеков да Гуля Кожокулованын экинчи окууга кайтарууну, Кыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлушу туура эмес экенин, эл аралык уюмдардын алдында милдеттенмелерибиз бар экенин билдирди.  

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты