ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы парламентке түштү
- 4 недели мурун
“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңешке түштү.
Жаңы редакцияда онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.
Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар юстиция министрлиги менен санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.
Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.
Жаңы редакцияда маалымат каражаттарын жоопкерчиликтен бошотуунун жагдайлары такталган. Ага ылайык, маалымат расмий булактан алынса, коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдырууда жоопкерчиликтен бошотулары көрсөтүлдү.
Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп берүүгө, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын-ала эскертиши зарыл.
Андан тышкары жалпыга маалымдоо каражатынын иши уюштуруучунун же соттун чечими менен гана токтотулушу же токтотулуп турушу мүмкүн экени жазылган.
Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык камтыган материалдарды бир жылда бир нече жолу (эки жолудан ашык) жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса медиа жабылат.
2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылган.
2024-жылы 7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн.
Сүрөт: Интернет булактарынан