ЖМК тууралуу мыйзам долбоору: Сунуштар дээрлик эске алынбай, өзгөрүүсүз калууда

  • 1 год мурун

«Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам  долбоору боюнча медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топко чиновниктер кайрадан иштелип чыккан вариантты берген. Бирок эксперттердин, юристтердин айтымында, мыйзам долбоору анча-мынча гана өзгөртүүлөрдү эсепке албаганда, сөз эркиндигин чектөө, ЖМКлардын ишин жөнгө салуу эрежесинин катаалдашы дээрлик мурдагы редакциясындагыдай эле калган.  

Медиаэксперт Акмат Алагушевдин айтымында, мыйзам долбоорунун кароого берилген төртүнчү вариантында деле медиа өкүлчүлүктүн сунуштары дагы эле эске алынбай калган. Ар бир берене боюнча дыкат талкуулоого мүмкүнчүлүк болбой жатат,  Ал эми сунуштар кандай негизде мыйзам долбооруна киргизилбей калганы тууралуу айтылган эмес.

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын мүчөлөрү өз сунуштарын президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге беришкен.   

Журналисттер жана эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары катары, веб-сайттарды сөзсүз каттоого жана кайра каттоого алууну алып таштоону сунуш кылышууда. Алар белгилегендей, бардык ЖМК бүгүнкү күндө юридикалык жактар катары, ЖЧК, ЖИ, коомдук фонд жана бирикме катары катталган.   

Ошондой эле юристтер менен медиа эксперттер мыйзам долбоорунан веб-сайт деген түшүнүктү алып салууну сунушташат.

“Веб-сайт ЖМКга кирбейт, анткени “веб-сайт мааниси жагынан жакын текст жана графикалык маалыматтарды, сүрөттөрдү, видео жана анимацияны жарыялоо, башкача айтканда бул Интернеттеги аянтча болуп эсептелет.    

Веб-сайт жана ЖМК белгилүү бир критерийлерге негизделиши керек.  Мыйзам долбоорунда ал критерийлер жана мүнөздөмөлр берилген эмес.  

Президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа өкүлдөр жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Буга чейин коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору катуу сынга кабылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты