ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам: Жумушчу топ сунуштарын берди

  • 1 год мурун

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын мүчөлөрү өз сунуштарын президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге беришти.   

Журналисттер жана эксперттер жалпыга маалымдоо каражаттары катары, веб-сайттарды сөзсүз каттоого жана кайра каттоого алууну алып таштоону сунуш кылышууда. Алар белгилегендей, бардык ЖМК бүгүнкү күндө юридикалык жактар катары, ЖЧК, ЖИ, коомдук фонд жана бирикме катары катталган.   

“Алар юридикалык жактар катары бардыгы менен бирдей эле салык төлөшөт. ЖМК катары каттоо эч кандай жеңилдиктерди бербейт, ал кайра көз карандысыз ЖМКга басым катары колдонулушу мүмкүн” дейт “Журналисттер» коомдук бирикмесинин башчысы Нурдин Дүйшөнбеков.

Мыйзам долбоорунда кызмат адамдарын сындоого тыюу салуу тууралуу жазылган, бул түздөн-түз цензура, Конституцияны бузуу болуп саналат. Жумушчу топтун мүчөлөрү бул нормаларды алып салууну сунуштайт.   

Ошондой эле юристтер менен медиа эксперттер мыйзам долбоорунан веб-сайт деген түшүнүктү алып салууну сунушташат.

“Веб-сайт деген бул ЖМКга кирбейт, анткени “веб-сайт мааниси жагынан жакын текст жана графикалык маалыматтарды, сүрөттөрдү, видео жана анимацияны жарыялоо, башкача айтканда бул Интернеттеги аянтча болуп эсептелет.    

Веб-сайт жана ЖМК белгилүү бир критерийлерге негизделиши керек.  Мыйзам долбоорунда ал критерийлер жана мүнөздөмөлр берилген эмес.  

Мыйзам долбоорунда ошондой эле так эмес  түшүнүктөр көп. Комиссия мүчөлөрү аларды  так жазууну белгилешти.

Президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа өкүлдөрү жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Буга чейин коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору катуу сынга кабылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты