“ЖКга акыл айтып жүрүп, эми камалды.” Депутат Түлөбаев блогерлер маселесин көтөрдү

Бүгүн, 3-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев блогерлер маселесин көтөрдү.

Блогерлер боюнча (бардыгы эмес) президентти  жамандады, көрүнгөндү жамандады. Бүгүн кармалды. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Кандай кылабыз, бир блогер кыргызды ашатып сөгүүдө. Көрүнгөнү мамлекеттик органдарга кирип алып, ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат.

ЖМК өкүлдөрүн блогерлерден бөлүш керекпи? Жогорку Кеңешке акыл үйрөтүп жүрүп, пара менен кармалып отурат. Бул өлкөдө мамлекеттик бийлик барбы? Өкмөт менен Жогорку Кеңеш ЖМК, блогер, ичи арамдарды бөлүп, тартипке келтирбейби? Болбосо, эмне деген гана сөздөрдү айтпайт, чыдап жатабыз. Убакыт келди, иретке салышыбыз керек, -деди депутат Балбак Түлөбаев.

Бүгүн, 3-майда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда 40 миң АКШ долларын опузалоого шектүү У. Б. аттуу блогер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкрамалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, 18-апрелде Аламүдүн ИИБине А.С.А аттуу жаран кайрылып, У.Б. аттуу блогер андан 40 миң АКШ доллары суммасында акча опузалап жатканын билдирген. Ошондой эле 37 300 АКШ долларын алганын, бирок ага карабастан опузалоону токтоткон эмес.  

Ошону менен бирге социалдык тармакта кармалган блогердин унааларды текшерген лабораторияны социалдык тармактарга чыгарып жүрүп, карапайым калкка жардамы тийгени да белгиленип жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты