40 миң доллар опузалоого шектүү блогер кармалды (Видео)  

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 40 миң АКШ долларын опузалоого шектүү У. Б. аттуу блогер кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкрамалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, 18-апрелде Аламүдүн ИИБине А.С.А аттуу жаран кайрылып, У.Б. аттуу блогер андан 40 миң АКШ доллары суммасында акча опузалап жатканын билдирген. Ошондой эле 37 300 АКШ долларын алганын, бирок ага карабастан дагы эле опузалоону токтотпогонун билдирген.  

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси, акча опузалоо менен кылмыштрдын бирдиктүү реестрине катталган. 2-майда ИИМдин жана Аламүдүн ИИБ кызматкерлери тарабынан Б. У. аттуу блогер 2700 АКШ долларын алып жаткан учурунда кармалган.  

Кармалган блогер Улан Бекмуратов болушу ыктымал.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты