ЖК комитети Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 16-февралда, Жогорку Кеңештин (ЖК) эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев талапкер тууралуу маалымат берди. 

Комитет Жумгалбек Шабданбековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүүнү жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.

10-февралда Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Сүрөттө: Жумгалбек Шабданбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты