ЖК депутаттыгына талапкер болуу арызын жазгандардын саны 407 ге жетти  

  • 4 месяца мурун

21-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болууга арыз жазгандар 407кишиге жетти. .

Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Тизме шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Жарандар жөнүндө маалымат менен тиешелүү шайлоо округун тандап, округдар боюнча таанышса болот. Тизме бул жерде:

Иллюстрациялык сүрөт: БШК. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты