Жидда-Ош багыты боюнча авиакаттамдар кайра жанданат
- 2 месяца мурун
4-марттан баштап Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайрадан жанданат.
Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.
“Элчилик Сауд Арабиясынын «flynas» авиакомпаниясы менен ырааттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул аракеттердин натыйжасында, 4-марттан баштап Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайрадан жандана турганын билдирем.
Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ишке ашырылат. Маанилүү жагдай: бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган жарандарыбыз ташылат” деп айтты элчи Марипов.
Ошону менен бирге Жидда — Бишкек багыты боюнча да каттамдарды калыбына келтирүү маселеси талкууланып жатканын, жакынкы күндөрдө жумасына 3 жолу уча баштай турганын кошумчалады.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү согуштан улам аба каттамдары убактылуу токтотулган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




