Жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши же Орунбековдун «тизмеси» боюнча сот отуруму жылдырылды

Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда жеке маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши же Орунбековдун «тизмеси» боюнча сот  отуруму болбой калды. Отурум 1-октябрга жылдырылды.

Бул тууралуу Нурбек Токтакунов (Nurbek Akbar) социалдык тармактарда билдирди.

Токтакуновдун айтымында, бүгүнкү сотко прокурор Бейшеналиев кылмыш ишин ачуудан таш тартууну жокко чыгарган токтомду алып келген. Бул ишти кайра жандантууга болот дегенди билдирет. Бирок ал токтомдо эч кимдин колу коюлган эмес, мөөр да басылган эмес. Токтомдун чындыгын аныктай турган кюар-код да ачылган эмес. Демек, бул жасалма документ экенин ырастайт.

Судья Байматов сотко алынып келинген кагаз документ эмес экенин айтып, кийинки жолу анык документти алып келүүнү тапшырды. Ишти кароо 1-октябрга саат 14:00кө жылдырылды.  

20-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда чет элдиктер тууралуу терс жана такталбаган маалыматтарды таратуу фактылары көбөйгөнүн билдирген. Дайырбек Орунбеков терс маалыматтарды тараткандардын арасында ондогон белгилүү адамдарды, анын ичинде политолог Эмил Жороевдин, саясатчы Клара Сооронкулованын ж.б. аттары аталып, жеке маалыматтары жарыя болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты