Кемпир-Абад иши: Акыйкатчы институту СИЗО-1деги авариялык камераларда жаткандарды көчүрүүнү талап кылууда

  • 8 месяцев мурун

Акыйкатчы институту анын кызматкерлери жабык мекемелердеги, анын ичинде №1 тергөө абагындагы камалгандардын кармоо шарттарына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп жаткандыгын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 8-сентябрда институттун кызматкерлери  № 1 тергөө абагында болушуп, камакта жаткандардын шарттары менен таанышты. 

Маалыматта айтылгандай, № 1 тергөө абагынын кызматкерлери камераларды, анын ичинде Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдор кармалып жаткан камераларды көрсөтүштү. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барган учурда аларды сотко алып кетишкендиктен камерада болушкан эмес.

«Жээнбеков кармалган камерада  муздаткыч, тамак жылытуу үчүн электр плиткасы, нан бышыргыч болгон. Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган жок, косметикалык оңдоодон өткөн. Имараттын тышындагы дубалда суу агып саргарып калган изи байкалат, бирок ички дубалдар кургак. Аталган камерада 5 адам кармалууда, бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берет. Кармалып тургандарды сурамжылоо жүргүзгөндө бардык кармалгандар мурда соттолбогон жарандар экени белгилүү болду» деп белгилейт Акыйкатчы институту.

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери берген маалыматка таянуу менен, Равшан Жээнбековду биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери башка камераларды дагы карап чыгышканын билдирди.

«Жеңиш Молдокматова жана Кубанычбек Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган жок. Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда. Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда  камакта жаткандарды көчүрүүнү талап кылууда».

Буга чейин, 25-26-августта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, ошондой эле Акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева № 1 тергөө абагына Жогорку Кеңештин депутаттары Г. Кожокулова жана Ш. Атазов төрагалык кылышкан депутаттык комиссия менен бирге мониторингге катышкан.

1-тергөө абагында Жеңиш Молдокматов, Азимбек Бекназаров, Равшан Жеенбеков, Эрлан Бекчоро, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Марат Баязов, Кеңешбек Дшйшөбаев, Айденбек Акматов кармалган камераларды карап чыгышкан.

Бекназаров сот жыйындарынын учурунда күзөтчүлөр ага суу бербей жатышканын айтып даттанган.

Мындан тышкары сот отурумдарын өткөрүү шарттарына, тагыраагы, бул иш боюнча өтүп жаткан фигуранттардын 27 адам экенин, мындан тышкары күзөтчүлөр жана жыйындын катышуучулары болоорун эске алганда, отурум өтүп жаткан зал чакан болуп, эл батпай калып жатканына арызданышкан. Ошондой эле айыпталуучулар соттор эмне деп айтып жатышканын укпай калышаарын белгилешкен.  

Равшан Жээнбеков анын камерасында суткасына эки ирет, үч сааттан кем эмес узак тинтүү жүрүп жатканын айтып даттанган.

Алар ошондой эле камераларда тиешелүү вентиляциянын жок экенин билдиришкен. 

«Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда  камакта жаткандарды көчүрүүнү талап кылууда.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку соттун жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын, жалпы таанылган принциптердин жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын алкагында укуктарды сактоону камсыздаш үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу талабы менен расмий кат жөнөттү» деп айтылат маалыматта.

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун басымга кабылып жатканын айткан кайрылуусу 6-сентябрда Фейсбукка жарыяланды.

Анда алар абактын жер төлөсүндөгү караңгы, сыз камераларга которулушканын, 5-сентябрда алардын жанына башка адамдар да киргизилип, “дем алуу кыйын болуп жатканын” айтышкан.

“Жаңы киргизилген адамдардын арасында коркунучтуу оорулар менен ооруган, адам өлтүрүү менен соттолуп жаткандар бар экен. Бийлик ушундай жол менен оппозиция өкүлдөрүн жок кылууга багыт алгандай деп кабыл алып жатабыз” деп айтылат билдирүүдө.

4-сентябрда Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына моралдык кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү тараган. Ал өзү менен кошо Кубанычбек Кадыровду, Жеңиш Молдокматовду шарты өтө начар жер төлөгө которушканын айткан.

1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына чыккан. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, эч кандай кыйноолорго жол берилбей турганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети саясатчы Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду делген боюнча билдирүүсү “жалган” экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жээнбековго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда, саясатчы Жээнбеков Жаза аткаруу кызматыынын №1 тергөө камак жайында камакта. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда” деп жазылат УКМК маалыматында.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Өткөн жылы 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган. Милиция кармалгандарды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Сүрөт% Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты