«Олд Бишкек» соода жайларынын жабылышы боюнча үн катты
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Долбоорунун жетекчилиги Бишкек шаардык мэриясынын жөө өтмөктөгү соода түйүндөрүнүн ишин токтотуу чечимине байланыштуу билдирүү таратты.
Долбоордун администрациясынын маалыматы боюнча, жер астындагы өтмөктүн сыноо режиминде ишке киргизилиши уруксатсыз болгон эмес.
Объект ишке берилген учурда негизги максат, шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү мүмкүн болушунча тез камсыз кылуу болгондуктан, өтмөк расмий ачылыш аземи өткөрүлбөстөн пайдаланууга берилген.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жер астындагы өтмөккө бир нече жолу барган жана шаар бийлиги анын иштеши жөнүндө толук кабардар болгону айтылат.
Компания учурда объектини пайдаланууга берүү боюнча акт юридикалык жактан тариздөө стандарттуу макулдашуу жол-жоболоруна байланыштуу гана кечигип жатканын билдирет.
Администрация жер алдындагы өтмөктүн иштеши менен жер үстүндөгү курулушту демонтаждоо өз-өзүнчө процесстер экенин белгиледи.
Алардын айтымында, Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги курулушту бузуу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Оор техниканы колдонуу жер алдындагы конструкцияга жана жөө адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн.
Инвестор шаар бийлигине аймакты көрктөндүрүү маселесине байланыштуу сугат иштерин жүргүзүү үчүн суу түйүнүнө кошуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес.
“Натыйжада инвестордон көз каранды болбогон техникалык себептерден улам жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү азырынча мүмкүн болбой жатат» деп айтылат маалыматта.
«Олд Бишкек» соода жайларын жабуу чечими жүздөгөн ишкер менен жумушчуларды оор абалга калтырарын белгилейт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Олд Бишкек» соода комплексин жабууну тапшырды. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы тарабынан 1-июлда ижарачыларга эки жумалык мөөнөттө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү талабы менен 122ге жакын билдирүү берилген. Жөө жүргөн кишилер өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок расмий түрдө ишке ашырылган эмес.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




