Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун иши сотко өттү
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү.
Сот процесси Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 20-августта башталмакчы.
13-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду 12-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.
Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.
Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.
Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка өз көз карашын билдирип келет, анын ичинде сынчыл пикирлери да орун алган.
Сүрөттө: Мавлян Аскарбеков. БШК




