Жапаровдун Түркияга сапары соңуна чыкты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапары соңуна чыкты.  30-сентябрда мамлекет башчы Бишкекке кайтып келди.

Мамлекет башчы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен бирге Изник ​​шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргызлар турбеси” мемориалына барышты.

Ушул эле күнү  Изник ​​шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулады.

Сүрөт: Президент жана жубайы. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты