Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
- 2 года мурун
Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.
Президент Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.
Түркиянын Изник шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Ага Президент Садыр Жапаров да катышууда.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.