Президент Жапаров төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-сентябрда, Търкиянын Изник шаарындагы «Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» стадионунда өткөн төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Ачылыш аземге Садыр Жапаров жана үркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду.  Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, анын ичинде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, ачылыш аземинин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Президент Жапаров төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты