Жапаров «Синьхуа» агенттигине берген маегинде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун маанилүүлүгүн белгиледи
- 1 неделя мурун
Президент Садыр Жапаров февраль айында Кытайга мамлекеттик сапар менен барат жана Харбин шаарында өтүүчү кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайга сапардын алдында мамлекет башчы «Синьхуа» маалымат агенттигине маек берди.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Президент саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган алдыдагы сапардын өзгөчө маанисин баса белгиледи. Маекте биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук логистика маселелери козголду.
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу саясий ишенимдин жогорку деңгээлин ырастап турат жана заманбап Улуу Жибек Жолун жандандырган биздин өлкөлөрдүн стратегиялык флагмандык долбоору болууга багытталган деп айтсам жаңылышпайм.
Бул каттам жөн гана транспорттук коридор эмес. Ал Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Түркияга, Европага жана андан тышкары өлкөлөргө жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт. Бул биздин жүктөрдү Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияга жеткирүүгө мүмкүндүк берет» деди Садыр Жапаров.
2024-жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрү темир жол куруу долбоорун биргелешип илгерилетүү жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Ал эми Садыр Жапаров 27-июнда “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.