“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

  • 2 месяца мурун

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 6-июнда, Пекин шаарында Кыргыз Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү.   

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.  

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов кол койду. 

Макулдашууга кол коюу аземинин алдында үч өлкөнүн лидерлеринин видео кайрылуулары угулду. Анын ичинде президент Садыр Жапаров видеокайрылуу жасады.

Келишимге кол коюу долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Ал үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү белгилейт. 

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик болуп саналат. Ал долбоордун мындан аркы прогресси жана аны ийгиликтүү аяктоо үчүн бекем негиз түзөт.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылы сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты