“Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу мыйзамга кол коюлду

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолун курууну баштоого мүмкүндүк берет.

“Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган.

Буга чейин Кашгарда Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын өкүлдөрү “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун долбоору талкуулана турганы кабарланган.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылы сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты