Жапаров-Атамбаев кайым айтышы: Мурдагы президент кайра жооп жазды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президент Садыр Жапаровдун кайым айтышуусу 9-ноябрда башталган. Энергетика тармагынан башталган сын башка тармактар боюнча да уланды.    

“…беш жыл боюнча сен мени ар дайым каралап, эсиңе келген ушактын баарын мойнума жүктөп келдиң. Мен болсо колумдан келишинче унчукпай, же такыр эле болбосо сылык, сабырдуу жооп берип жаттым. Балким акыры ойлонуп, акылыңа келерсиң деп күттүм. Бирок, тилекке каршы, баягы эле жомок кайрадан башталды. Эми сен азыркы энергокризистин да себептерин мага оодарып, калпты катырып, мени күнөөлөп жатасын. Мен эми качаңга чейин сенин былжырак сөздөрүнө, калпыңа чыдашым керек” деди Атамбаев жообунда.

Ошондой эле элге берилген убадалар аткарылбай жатканын сынга алды:

“Элдин эсинде сен берген убадалардын баары бар. Сөз эркиндигин убада кылдың — эми соцтармакка жазган бир пост үчүн камалып жатышат. Накта демократия курам дедиң — көзкарандысыз партиялардын баары дээрлик жок кылынды, саясатчылардын көбү камалып чыкты же дагы эле темир тордун артында отурат. Бир ооз каршы сөз айткан жөнөкөй адамдарды да кенебей каматып жатасың. Дагы кайсы убадаң бар эле? Калыс шайлоо дедиң — шайлоого сага каршы сүйлөгөндөр катышпай калды. Мамлекеттик карызды толук жоебуз дедиң — тескерисинче, карыз бир нече эсеге өсүп кетти. Балдарың, жакын туугандарың банктарды ачып, элдин көз алдында заматта байып жатышат. Майнинг-фермалар сен жана жакындарың үчүн биткойн казып жатат. Тууган-туушканың, эң жакын «досторуң» байып, ал эми элде азык-түлүккө да акча жетпей калды” деди мурдагы президент Атамбаев.

Атамбаев Садыр Жапаров эки майнинг ферманын бар экенин айтканын эскертти:

“Эми мунун баарына кошул-ташыл болуп, сен мени айыптап жаткан энергокризис чыкты. Караны ак деп, чындыкты бурмалап жатасың уялбай. Сага көнүмүш адат. Ошол эле маалда сен өз оозуң менен эки майнинг-ферма «сенин түз көзөмөлүңдө» экенин айтып, өз мойнуңа алдын” деди Атамбаев.

Мурдагы президент Кыргызстандын карызын кайрадан эске салды:

“Беш жылдын ичинде мамлекеттик карыз 4 миллиард долларга өсүп кетти, бул Кыргызстан эгемендүү болгондон берки 30 жылдын ичиндеги жалпы өсүштөн да көп. Азоо инфляция элди муунтуп жатат, айлык маяналар баанын өсүшүнө жетишпей, эл эптеп жанын багып жатат. Бажысыз, көзөмөлсүз иммиграция, чет элдик жарандар өлкөнү каптап, жерди талап сатып алып жатканы — мунун баары ойлонулбаган жана коррупцияга малынган, туура эмес, ката саясаттын кесепети».

Атамбаев жеке менчикке укук дээрлик жоголгонун сындады:

«Кыргызстанда азыр жеке менчикке болгон укук дээрлик жокко эсе. Өлкө толук башаламандык өкүм сүргөн аймакка айланды: чакан соодагерден тартып ири ишкерлерге чейин ар ким эртең жасалма шылтоо менен өмүр бою иштеп, чогулткан мүлкүнөн ажырап калышын билип, коркуп отурушат. Үйлөр сотсуз, тергөөсүз бузулуп жатат; жер менен мүлк мыйзамсыз тартып алынып; чакан жана орто бизнести салык, рейдерлик басып алуулар көнүмүш адат болду. Бул эми «кустуризация» эмес, бул — менчикти жакын чөйрөңө толук кайра бөлүштүрүү, ак эмгек эмес, коррупция менен тууганчылыкта түптөлгөн мафиялык система. Мындай система өлкөнү толук кыйроого алып барат”.

Атамбаев беш жылдын ичинде сөз эркиндиги Африканын өлкөлөрүнө теңелип калганын сынга алды:

“Сен беш жылдын ичинде Кыргызстанда сөз эркиндигин өлтүрдүң. Эгер 2017-жылы биз басма сөз эркиндигинин индекси боюнча (RSF) Европа өлкөсү Грециянын деңгээлинде болуп, Болгария менен Македониядан алдыда турсак (89-орун), азыр Кыргызстан Африканын Уганда, Ангола, Конго сыяктуу өлкөлөрүнүн артында, 144-орунга түшүп кетти. Чындыкты айткан адамдарды «экстремист» деп, түрмөгө камап жатат. Таза, калыс шайлоо жок — бийликке жакпагандар шайлоого катыша албай калды; оппозициялык партиялар дээрлик жок кылынды, парламентаризм институту талкаланды. Энергокризис, баанын өсүшү жана кедейчилик менен күрөшүүнүн ордуна бийлик, президент өзү баш болуп, акындар, журналисттер, активисттер жана жөн гана өз алдынча оюн айткан адамдар менен күрөшүү менен алектенүүдө”.

«Кудай буйруса, мезгил баарын өз ордуна коет деп ишенем. Эрте же кеч болобу, ачык жана калыс сот болот, анда ушул жалган иштерди жасап, мыйзамсыз өкүмдөрдү чыгаргандардын баары жооп берет. Өлкөдө кайрадан демократия менен эркиндик орнойт. Ар бир үйгө кайрадан жарык, жылуулук жана берекет келет…» деп жазды Алмазбек Атамбаев Фейсбук баракчасында.

Андан мурда Садыр Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Алмазбек Атамбаевдин энергетика тууралуу айткандарына жооп берди.

«Мен анын кайрылуусун окуган жокмун. Андай «былжырбай» кайрылууларды окуганга убактым деле жок. Басма сөз катчым оозеки айтып бергенинен уктум. Жооп бербей эле коёюн дедим эле. Келип калыпсың мейли жооп берейин эми. Капа болуп кайтпа» деп, Садыр Жапаров «Кабарга» жооп берди.

«Энергетика системасы боюнча башкасы сүйлөсө да, Атамбаев сүйлөбөй эле койбоптур да. Ага чейинкилер энергосистемабызды кризиске алып келген болсо, Атамбаев сазга батырган. Ошол саздан дагы деле чыга элекпиз. Кудай буюрса эмдиги жылы чыгабыз. Сөзүм куру болбос үчүн сандар, фактылар менен далилдеп берейин. Салыштырып көргүлө. 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгон. 2010-жылдан 2020-жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллиард 323 миллион долларга жеткен. Айырма 10 эле жылда дагы 110 миллиард сомго көбөйүп кеткен. Салыштырып көрсөңүздөр» деген Жапаров.

«1990-2010-жылдар 20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон 2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатат. Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом, же 1,5 миллиард долларга жеткен. Бул сөз сазга тизесинен эмес, кекиртегинен да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган» деди президент Садыр Жапаров.

Ал эми ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровдун энергетика боюнча мурдагы сын-пикирлерине Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берген.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты