Эгемендиктин 35 жылдыгы: Республикалык айтыш өткөрүлдү

  • 1 месяц мурун

Өлкөнүн Эгемендигинин 35 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.   

Айтышка 16 төкмө акын катышты. Акындар упайлык негизде күч сынашып, алардын жуптары чучу-кулак аркылуу аныкталды..

Айтыштын жеңүүчүлөрү:

Баш байге — Тынчтык Эсенбай уулу — 500 миң сом;

1-орун — Шайлообек Отунчиев — 400 миң сом;

2-орун — Турат Жумаев — 300 миң сом;

3-орун — Арген Биймырза уулу — 200 миң сом.

Мындан тышкары, айтыштын мыкты катышуучуларына атайын сыйлыктар тапшырылды:

Баян Акматов — 100 миң сом;

Мамбеттокто Мамбеторозо уулу — 100 миң сом.

Айтышка катышкан калган 10 акындын ар бирине 80 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Республикалык айтышты маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурду.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты