Жанар Акаев: «Ушундай окуялар саясий, коррупциялык чоң темаларды иликтөөгө жолтоо болот»

  • 3 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, алардын сурак беришин сөз эркиндигине чабуул, журналисттердин өзүн өзү чектегенге, коррупциялык иликтөөлөргө жолтоо болорун «Азаттыктын» суроосундагы жообунда билдирди.

“Журналисттердин үйүн тинтип, аларды суракка күч менен алып баруу бул сөз эркиндигине түздөн-түз чабуул. Ушундай окуялар журналисттерди өзүн-өзү чектегенге, саясий, коррупциялык чоң темаларды иликтөөгө жолтоо болот. Кыргызстан ансыз деле сөз эркиндиги, журналисттерге болгон куугунтук жагынан эл аралык рейтингдерде бир топ артка кеттик. Журналисттерди таңга маал тинтүү Ички иштер министрлигинин сөз эркиндиги, демократияга болгон жаман мамилеси. Биз бул маселени жөн койбойбуз жана аны парламентте, комитеттерде көтөрөбүз. Журналисттерге мындай мамиле болбошу керек”деди депутат Акаев.

16-январдын таңында «ПолитКлиника», Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

Сүрөттө: Жанар Акаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты