Жанар Акаев:  «Мегакомду», «Кыргызтелекомду» Ширшовдун колуна карматпадыкпы

Депутат Жанар Акаев бүгүн, 18-майда, өкмөттүн төрт ири мамлекеттик ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берүү тууралуу токтомун жокко чыгаруу керек деген пикирин айтты.  

-«Телеком» менен «Мегаком», макул, Санариптик өнүктүрүү министрлигине багыты жакын. Торпеда, ок-дары чыгарган «Дастан» заводунун эмне тиешеси бар? Ушундай чоң стратегиялык объектилерибизди, банкты, 3 миллион абоненти бар «Мегакомду», ири жер аянты бар «Кыргызтелекомду» Ширшовдун колуна карматпадыкпы. Бул токтомду жокко чыгарыш керек. Акылбек Жапаров ал жерге дата-борбор курабыз деп жатат. «Кыргызтелекомдо» имарат толтура, дата-центр биздин президиумдай жерге эле батат» деди депутат Жанар Акаев.

Бүгүн, 18-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев да мамлекеттик мүлктүн Алексей Ширшовго өтүп кетип жатканын айтып өттү.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты