Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылына 500 орундуу мектептин курулушу пландалууда

  • 3 месяца мурун

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Кызыл-Байрак айылына мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылган жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.  

Аталган аймактагы Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталганына карабастан, анда 400дөн ашуун окуучу билим алууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жанарбек Акаев мектептин инфраструктурасы менен таанышып, тиешелүү кызматтарга 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана керектүү документтерди даярдоо иштерин баштоо тапшырмасын берди.

Бул аймак өткөн жылы Ош шаарынын курамына өткөн.

Сүрөт: Ош мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты