Депутат Бекешев: Күрөшүп-күрөшүп, акырында мүлктү Ширшовго берип жатабыз

Бүгүн, 18-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик мүлктүн Алексей Ширшовго өтүп кетип жатканын билдирди.  

-Былтыр 6-чакырылышта өкмөт бизге сунуштап алып келип, “Мегаком” жана Евразиялык сактык банкын  приватташтыралы деп биз колдоп, токтомду чыгарганбыз. Бирок акырында, өзүңөр угуп жатасыңар, ошол Евразиялык банк, “Мегаком”, Кыргызтелеком, “Дастан” заводу — төрт ишкананы Санариптик министрликке берип жатыпсыңар. Анда тиги токтомдорду жокко чыгарыш керек.

“Мегаком” үчүн канча саясатчылар түрмөдө отурду, мамлекет өзү эл аралык соттордо күрөшүп, акыркы сот ушул жылда бүткөн.

Биз күрөшүп-күрөшүп, акырында Санариптик өнүгүү министрлигине, Ширшовго берип жатабыз.

Ширшов менен Талант Иманов, (Санариптик өнүгүү министри-ред.) алар дос, Талант Иманов да, Ширшов да «Дастанды» жетектеген.  Куралды, торпедону чыгарган учурда заводду Санариптик өнүктүрүү министрлигине берип жатышат. Дата-борбор курабыз деп жатышат. «Мегакомдо», Кыргызтелекомдо ошол дата-борборду ачса болот  да. Жөн эле, элди алдаш үчүн эле да.

Менимче, бул маселени биз дыкаттык менен карашыбыз керек. Карап чыгып, же токтомдорду жокко чыгарып, же мамлекеттик мүлк боюнча депутаттык комиссия түзүлдү, ошого берели, алар “Дастанга” берүүнүн канчалык негиздүү экенин карап чыкса.     

Бул туура эмес, Санариптик өнүгүү министрлиги башка иштерди жасаш керек. Заводду эки досуна берип, ошо заводду талкалап, 150 млн сомго ИВЛ алып, азыр кампада жатат. Ошону карап чыгыш керек, -деди Дастан Бекешев.    

 

«Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Алексей Ширшовдун бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Алексей Ширшов  2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин “Дастан” ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Маалым болгондой, Ширшов мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөн. 

Өлкөдө 2010-жылга чейин таасири күчтүү болуп турган Ширшов  Кыргызстандагы энергетика тармагын толук көзөмөлгө алып, коррупциялык схемаларды түзгөнү маалым болгон. “Ширшов схемасы” деген атка конгон схемада электр энергиясын “өлүү адамдарга” жаздыруу жана тендерлерди “өз кишилерине” уттуруу сыяктуу кадамдар жасалып келгени айтылат. 

“Бакиевдик режимдин” таасирдүү мүчөсү болгон Алексей Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага эл аралык издөө жарыяланып, экономикалык кылмыштар боюнча айып тагылган. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген. 

Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалган. Бирок УКМК аны кайсы жерде кармаганын так айткан эмес. Кыргызстандагы энергетикалык тармактын “көмүскө кардиналы” атыккан Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталган. 

Сүрөттө: Алексей Ширшов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты