Жанар Акаев Кемпир-Абадга байланыштуу камалгандар боюнча Жогорку сот төрагасын соттордун ишине көңүл бурууга чакырды   

  • 1 год мурун

Бүгүн, 27-декабрда, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандар боюнча соттордун ишине көңүл бурууга чакырды:       

-Мурда сиз адвокат болуп жүргөн абалдан кеминде беш эсе начар абал. 25тей активист жараныбыз тынч жыйынга чогулуп, жөн гана сүйлөшүүсүнүн айынан ушинтип темир тор артында отурушат. Сиз өзүңүз реакция кылып, карабасаңыз, коомчулукта бийликке да, сотко да нааразылык күндөн-күнгө күчөп жатат. Бийликке болгон нааразылыктын бирден-бир себеби – сотко болгон ишенбөөчүлүк. Айрым адвокаттар “Мен адвокат болгум келбей калды, туура нерсени көрүп, айтып турсак да соттор чечим кабыл алып коюуда” деп жатышат,-деди депутат Акаев.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айтылып жаткан сын эске алынарын айтты:

-Сөзсүз түрдө эске алабыз, азыр алардын күнөөсү барбы же жокпу, көзөмөл кылып жаткан тергөө органдары, прокуратура жана башкалар далилдеши керек. Бизге — Жогорку сотко келгенден кийин аны да карайбыз,- деди Жогорку сот төрагасы Базарбеков.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары дагы эки айга узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармап жатышат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты