Аутизм, Даун синдрому жана церебралдык шал дарты бар балдардын көйгөйүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 15-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө токтом долбоору кабыл алынды.

Демилгечи – «Ала — Тоо» депутаттык тобу. Бул маселе боюнча эл өкүлү Медер Чотонов маалымат берди.

Аталган комиссиянын курамына депутаттар Дастан Бекешев, Нилуфар Алимжанова, Медер Чотонов, Гульнара Акимбаева, Токтобүбү Ашымбаева, Бурул Аманова, Жылдыз Садырбаева, Улукбек Карыбек уулу, Айгүл Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева, Махабат Мавлянова, Мавлюда Калбердиева, Рустамбек Советбек уулу кирди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты