Жалданмачылык иши менен кармалгандар үй камагына чыгарылганы кабарланды
- 2 недели мурун
Жалданмачылык иши менен кармалгандар үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасыны орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганда белгилүү болду.
Бул тууралуу жеке булактарынын айтуусу менен бир катар ЖМК жазды.
Жолугушууда алар “Россотрудничество” кызматкерлеринин тыңчылыкка шектелип кармалганы тууралуу сөз болгону айтылат. “Россотрудничествонун” кызматкерлеринин шектелген иши анчалык оор кылмыш эмес деп эсептелип, тергөө алардын бөгөт чарасын үй камагы менен алмаштырды. Кармалгандар УКМКнын убактылуу абак жайында жаткан.
Буга чейин “Россотрудничествонун” жетекчиси Евгений Примаков Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, Кыргызстанда “жалданмачылык” шеги менен кармалган Наталья Секеринаны бошотуп алышарын айткан.
Ош шаарындагы «Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина кармалганы маалым болгон. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен айып тагылып, камакка алынган. Наталья Секерина Кыргызстандын жараны, 2024-жылдын июль айынан бери «Орус үйүндө» иштейт. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 17-июнга чейин камакка алган. Бул иш боюнча жалпы төрт адам кармалганы, анын ичинде Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин да бар экени маалымдалган.
Жалданмачылыкка байланыштуу Бишкекте кармалгандардын саны төрт кишиге жеткенин «Азаттык» жазып чыкты. Буга чейин чейин эки киши кармалганын, эми дагы экөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалганын билдирди. Бул боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.
Кармалган төрт кишинин арасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин бар экени да белгиленди.
УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Сүрөт: Бишкектеги «Орус үйү» имараты. Интернет булактарынан