“Бул — провокация. Натальяны чыгарып алабыз”. “Россотрудничество” жетекчиси билдирди
- 4 недели мурун
“Россотрудничествонун” жетекчиси Евгений Примаков Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, Кыргызстанда “жалданмачылык” шеги менен кармалган Наталья Секеринаны бошотуп алышарын айтты.
Бул тууралуу ал Телеграмм каналына жазды: “Түшүндүрүү жана реакция күтүлүүдө. Мына: 1. Бул чагым. 2. Натальяны чыгарып алабыз. Өз кишилерди таштабайбыз. 3. Жыйынтык чыгардык. Алар натыйжалуу жана жагымсыз болот” деп билдирди Примаков.
Буга чейин Ош шаарындагы «Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина кармалганы маалым болгон. Ага кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен айып тагылып, камакка алынган. Наталья Секерина Кыргызстандын жараны, 2024-жылдын июль айынан бери «Орус үйүндө» иштейт. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 17-июнга чейин камакка алган. Бул иш боюнча жалпы төрт адам кармалганы, анын ичинде Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин да бар экени маалымдалган.
Жалданмачылыкка байланыштуу Бишкекте кармалгандардын саны төрт кишиге жеткенин «Азаттык» жазып чыкты. Буга чейин чейин эки киши кармалганын, эми дагы экөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалганын билдирди. Бул боюнча УКМК расмий маалымат бере элек.
Кармалган төрт кишинин арасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын кызматкери Сергей Лапушкин бар экени да белгиленди.
УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек
Кыргызстандыктарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышууга тыюу салынат жана 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Сүрөттө: Евгений Примаков. Интернет булактарынан