Жалал-Абадда жер титирөөдөн жабыркаган объекттердин саны 14кө жетти

  • 11 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунда кечээ, 5-августта, катталган жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөө боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын алдын ала берген маалыматы боюнча, жарака кеткен турак жай жана социалдык мекемелердин саны 14тү түздү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди  

Маалыматта айтылгандай, Майлуу-Суу шаарында 1 социалдык объект, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагында 2 социалдык объект, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө 8 турак жай жана 3 социалдык объектинин дубалдарында жарака пайда болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жарандык коргонуу кызматтары жана штаб тактоо жумуштарын улантууда.

2025-жылдын 5-августунда облус аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Базар-Коргон районунун айрым айыл өкмөтөрүндө 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты