Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 11 месяцев мурун
Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына ылайык, бүгүн, 5-августта саат 19:44тө Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн күчү Жай-Терек, Сары-Бээ айылдарында, Майлуу-Суу шаарында 5 балл, Жалал-Абад шаарында 4 балл, Токтогул шаарында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөө катталган аймакта тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




