«Жакшы киши деген кесип жок». МинКаб төрагасына Касымалиевди жана орун басар, министр дайындоого ЖК макулдук берди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Адылбек Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагалыгына, Данияр Амангелдиевди төраганын биринчи орун басарлыгына, Бакыт Сыдыковду экономика жана коммерция министрлигине дайындоого макулдук берди. Добуш берген депутаттардын бири да бул үч талапкерге каршы добуш берген жок.

Адылбек Касымалиевге өлкөнүн биринчи президентинен бери аткаруу кызматында иштеп келе жатканынын сыры тууралуу суроо берилгенде, ал негизинен «саясатка аралашпай», өз ишине берилгендик менен эмгектенгенин билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев өлкөнүн ички карыз, салык, кышындагы электр энергиясы көйгөй болуп, 700 млрдга бюджетти кантип чыгаруу тууралуу, катаал учурда келип жатканын, «башты жерге ийдирбеңиз» деп күйүп-бышып билдирди.

Депутат Жанарбек Акаев «сиз жакшы кишисиз» деп, бирок «жакшы киши деген кесип жок экенин» айтып, Министрлер кабинетинде салык боюнча 30 млрд сом боюнча Адылбек Касымалиевдин жоопкерчилик жагын да эскертип өттү.

Адылбек Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу кылып дайындоо жарлыгына Садыр Жапаров кол койду.

Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты