Данияр Амангелдиев МинКаб төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 3 месяца мурун
Данияр Амангелдиев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Данияр Амангелдиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин Адылбек Касымалиев аткарат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бүгүн, 16-декабрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти.
Сүрөттө: Данияр Амангелдиев. Алдыңкы катарда солдо kenesh.kg
Муну бөлүшүү