Жайлоого мал айдап келүүгө кетип, дайынсыз болгон киши бир айга жакын убактан бери изделүүдө

  • 4 месяца мурун

Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө ишин улантуу максатында бүгүн, 13-январда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 38 куткаруучу, ички иштер министрлигинен (ИИМ) 10 кызматкер жана туугандардан 10, жалпы 58 адам, ошондой эле 4 дрон тартылды.

2024-жылдын 15-декабрь күнү Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-ж.т. М.Д. аттуу адам Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алып жатат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты