Кырчын жайлоосуна бара тургандарды коомдук унаа акысыз тейлейт
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Кырчын жайлоосуна баруучу жеке автоунааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди. Башка жолдордун бардыгы ачык, унаа каттам жүрүүдө. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кырчын жайлоосуна баруучулар үчүн акысыз коомдук транспорт уюштурулганын билдирди.
Жарандар жеке унааларын төмөндөгү атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга токтотсо болору айтылат:
— Бает айылы, “Чайка” эс алуу жайы;
— Бактуу-Долоноту айылы, “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплекси;
— Григорьевка айылы, муниципалдык чарбанын короосу;
— Григорьевка айылы, мектептин спорт аянтчасы;
— Семеновка айылы, чарба короосу;
— Ананьево айылынын түштүк тарабы;
— Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.
Кырчын жайлоосуна баруучу жол коомдук транспорт үчүн бир тараптуу уюштурулду. Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин бир багытта жүрүүгө болот.
Бүгүн, 1-сентябрда, Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Кечээ, 31-августта, Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өттү.
Сүрөт: ИИМ




