Таш-Көмүрдө 46 жаштагы жаран 26 күндөн бери дайынсыз болууда
- 2 недели мурун
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жайлоого мал айдап кеткен 46 жаштагы жаран өткөн жылдын 15-декабрынан бери дайынсыз болууда. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жаран Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон келген эмес. Издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
«Бүгүн, 10- январда, 46 жаштагы таш-көмүрдүк жаранды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закировдун жетекчилигинде жалпы 54 адам, 4 дрон тартылды»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү