Ысык-Ата районунда дайынсыз болуп жаткан уландын сөөгү табылды
- 4 часа мурун
- Жаңылыктар
Ысык-Ата районунда дайынсыз болгон 19 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ОИИББ) билдирди.
31-октябрда милицияга 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Арызда ал 28-октябрда Бишкек шаарындагы батиринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы көрсөтүлгөн.
Аталган факты каттоого алынып, издөө жана текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан бала акыркы жолу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган.
9-ноябрда Өзгөчө крдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө Азим Жыргалбековдун сөөгү Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы Ысык-Ата дарыясынан, көпүрөгө жакын жерден табылган.
Учурда аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын жагдайлары такталууда.
Сүрөт: Чүй ОИИББ




