Жөө жүрүшкө чыккан орусиялык туристтер аман-эсен табылды

30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткан орусиялык үч турист 9-майда аманэсен табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.


8-майдан бери ӨКМдин куткаруучулары издеп жаткан туристтер өздөрүнүн Орусиядагы тааныштарына байланышка чыгышкан.

«Үн байланышын утурлай, ӨКМдин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери туристтер турган даректи Google аркылуу болжолдуу тасмага түшүрүп, 9-майда издөө иштерин ошол дарекке багытташкан. Аталган борбордун кызматкерлери куткаруучуларга туристтердин турган дарегин аныктап, алардын ортосундагы аралыкты Google карта аркылуу аныктап, маалымдап турушкан. Жыйынтыгында куткаруучулар туристтерге жолугуп, төмөн көздөй бет алышты» деп жазылган маалыматта.

Маалыматка ылайык, туристтердин абалы жакшы, баары аман-эсен.

8-май күнү ӨКМге “Спорттук туризм федерациясы” коомдук бирикмесинин башчысы Н. Даутов кайрылып, Орусиядан келген үч турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Тёплые ключи) жөө жүрүшкө чыккан боюнча дайынсыз болуп атканын билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр ӨКМге куткаруу иштерине жардам берүү тууралуу 17 өтүнүч, 2022-жылы 11 өтүнүч түшкөн. Эки учурда 10дой турист каза болгон, Жеңиш чокусунда бешөөнүн сөөгү табылбай калган. 25тейи куткарылган.

Кыргызстанга альпинисттердин 40% Орусиядан келет. Иран, Германия, Польша, Чехия, Испания, Франция, Англия, Америка, Сауд Арабиясынан келгендер да катталган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты