Аламүдүн капчыгайында 3 турист изделүүдө

  • 3 месяца мурун

Аламүдүн капчыгайында 3 турист изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
8-май күнү ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгына «Спорттук туризм федерациясы» коомдук бирикмесинин башчысы Н. Даутов тарабынан кайрылуу түшкөн.
Анда Орусиядан келген 3 турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бүгүн аталган туристтерди издөөгө саат 15:45те Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу чыгышты.

Маалыматка ылайык изделип жаткандар 62 жаштагы Е. Л, 58 жаштагы С. Н. жана 62 жаштагы С.Б. аттуу жарандар.
Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты