Өзгөн: Жер көчкүгө байланыштуу Карл Маркс айылына өзгөчө кырдаал жарыяланды

  • 1 год мурун

Жер көчкү түшкөнүнө байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Карл Маркс айылынан 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.

22-мартта Өзгөн райондук акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Аталган аймактагы жер көчкү түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.

Ош облусунда Өзгөн районунда 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.

Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей калган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты