Өзгөн районунда селден жабыркаган үйлөр тазаланууда

  • 2 недели мурун

Катуу жамгырдан улам Өзгөн районунун алты айыл аймагында жана шаарда жалпы 65 турак жайга сел суусу кирген.

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Жер төлөсүнө суу кирген: 37 үйдүн 19у тазаланды, 18и калды. Короосуна суу кирген: 28 үйдүн көбү тазаланды.

Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана техника тартылды.

Кароол, Кашка-Терек жана Жыланды айылдарында жумуштар улантылууда.

Кырдаал көзөмөлдө, калган үйлөрдү тазалоо иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты