Архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды

  • 1 месяц мурун

Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы  У.Б. тарабынан уюштурулган жер участокторун жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схема аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы адиси катары У.Б. Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн ар бири 700 чарчы метр болгон төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн жаран М.Д.дан 2 миллион сом алгандыгы аныкталган. У.Б. бардык зарыл болгон жол-жоболорду расмий эмес түрдө аткарууга убада берип, кийинчерээк мамлекеттик акттарды түзүү жана жер тилкелерин каттоо үчүн кошумча 200 миң сом алган.

Кийинчерээк, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат активдүү ишке ашырыла баштагандыктан жана бул жаатта УКМКнын иши күчөтүлгөндүктөн, У.Б. планын ишке ашыра алган эместиги айтылат.

Бул жагдайларды эске алуу менен, У.Б. белгиленген жер тилкелерин жеке менчикке М.Д. аттуу жаранга  өткөрүп бере алган эмес жана алынган 2,2 миллион сомду жеке муктаждыктарына жумшаган.

2026-жылдын 4-февралында У.Б. кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты