Өлкөдө 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 2-апрелде, саат 05:28де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында — 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында — 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында — 3,5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 3 баллга чейин сезилген

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта болгон.

Учурда тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты