Асынып алган 29 жаштагы келиндин иши Ош облустук милиция жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынган
- 1 месяц мурун
Өзгөндө асынып алган 29 жаштагы келиндин иши Ош облустук милиция жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынган.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
12-апрель күнү саат 19:00 чамасында райондук милицияга Өзгөн районунун тургуну 29 жаштагы А.к.А., аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келген.
Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А. к.А., аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




