Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү түштү
- 1 год мурун
- Видео
22-мартта саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 м аралык калган.
Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдеше баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.
Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ӨКМ